Шухрат Сабиров: Бааларга көзөмөлдү күчөттүк, ага карабай ун кымбаттап кетти

Шухрат Сабиров: Бааларга көзөмөлдү күчөттүк, ага карабай ун кымбаттап кетти

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штаб өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Бирок Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган соң, эл керектүү азык түлүктөрдү көп-көптөн алып коюга аракет кылышып, базарларда жана соодо-түйүндөрүндө адамдардын узун кезектери жаралды. Айрымдар негизги керектөөдөгү азык-түлүккө болгон суроо талаптын өсүшү менен алардын наркы дагы көтөрүлгөнүн айтышууда.

Мындан улам REPORTER.KG басылмасы өлкөдөгү азык түлүккө карата баалардын учурдагы абалы боюнча бир катар суроо менен Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировго байланыштык.

Шукрат мырза айтсаңыз, учурда баа саясаты жетиштүү көзөмөлгө алындыбы жана баалардын кескин жогорулашына жол бербөө үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу Өкмөттүк деңгээлде экономикалык абалды тескөө боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Анын алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик өлкө боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүп, чоң-чоң соода түйүндөрдүн жетекчилери менен жолугушуларды өткөрүп, бааны негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатабыз. Чындыгын айтканда акыркы күндөрү баалардын көтөрүлгөнү байкалууда.

Кайсы товарлардын баасы негизсиз көтөрүлдү?

Өкмөттүн токтому менен бекитилген 14 тизмеден турган социалдык жактан маанилүү товарлар бар. Анын 11и ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз сыяктуу эл эң көп талап кылган азык түлүк таварлары. Учурда биздин кызматкерлер дем алыш күнгө карабай жер-жерлерде соода түйүндөрдө жана базарларда көзөмөлдү күчөтүштү. Бүгүнкү күнгө карата азык-түлүккө болгон баа 1-2 сомдон, анын ичинен бир мүшөк унга болгон баа 100-150 сомго чейин көтөрүлүп жатканы байкалууда.

Бааны өзүм билемдик менен көтөрүп алгандарга кандай чаралар көрүлөт?

Сатуучулар ар кандай болот эмеспи, эл жапырт азык-түлүк алып жаткандыктан, айрым сатуучулар пайда көрүп калууну көздөп жатышат. Бул көрүнүш көбүнчө базарларда байкалууда. Ал эми “Фрунзе”, “Глобус” сыяктуу чоң-чоң гипермаркеттерде баа мурдагыдай эле. Биз күн сайын маниторинг жүргүзүүнү күчөтөбүз. Эгер сүйлөшүп алып, бааны негизсиз көтөрүп алгандарды аныктасак анда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кызматына өткөрүп беребиз. Алар мыйзам чегинде чара көрүшөт.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн кайсы бир аймагында бааны негизсиз көтөрүп алгандарга чара көргөн учурлар болдубу?

Канчалык деңгээлде чын экенин билбейим, бирок Казакстандын Жамбыл облусунда унга болгон баа көтөрүлгөндүгү айтылууда, мындан улам Талас облусунда дагы бааны кескин көтөрүп алгандар болуптур. Бирок мен азыр жыйындан чыкккандыктан бул боюнча толук айта албаймын. Эгерде бул  факты чын болсо анда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүп беребиз. Азыр  район, облустарда штабдар түзүлгөн, алар дагы бааларды көзөмөлгө алышууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өлкөнүн бардык аймагында баа саясатын көзөмөлгө алуу үчүн ресурстары жетиштүүбү?

Чындыгын айтканда бизде кызматкерлер жетиштүү эмес. Бишкектеги борбордук аппараттан сырткары облустарда гана бөлүмдөрүбүз бар. Анда болгону 3 кишиден 5 кишиге чейин кызматкерлер иштейт. Бирок биз ага карабастан дем алыш күндөрү дагы көзөмөлдү күчөтүп, тийиштүү иштерди алып баруудабыз.

Өлкөдөгү азыркы абалды эске алып, ушул жаатта өкмөттөн жардам сурабадыңыздарбы?

Өкмөт деле бул маселени жакшы билет. Ошондой эле жер жерлерде мамлекеттик мекемелер, айыл өкмөттөр тарабынан штабдар түзүлгөн. Мындай учурда баа саясатын көзөмөлдөө үнүн жапа тырмак иш жүргүзүүбүз керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>