Швейцариянын тышкы иштер министри Иняцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Анын учагы 2-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конгон.
Сапардын алкагында Иняцио Кассис ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, анда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Андан тышкары ал президент Садыр Жапаров менен жолугат.