Site icon Reporter.kg

Швейцариянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Швейцариянын тышкы иштер министри Иняцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иняцио Кассис өлкөгө 3-июлда келет. Сапардын алкагында ал ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле Иняцио Кассис президент Садыр Жапаров менен жолугат.

Exit mobile version