Шыкмаматовдун ордуна келген жаңы депутат Нурбек Сыдыгалиев парламентте ант берди

Шыкмаматовдун ордуна келген жаңы депутат Нурбек Сыдыгалиев парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.

Жаңы депутат Нурбек Сыдыгалиев жогорку билимдүү, Улуттук университетти бухгалтердик эсеп адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин Өзөгөчө кырдаалдар министринин орун басары сындуу жооптуу кызматтарда иштеп келген.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>