Site icon Reporter.kg

Шымкент-Самара жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Айдоочу кыргызстандык — видео

Чымкент-Самара унаа жолунун 56-чакырымында, 12-январь күнү саат 22:30 чамасында Байдыбек районунда оор жүк ташуучу Volvo унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Айдоочу кыргызстандык болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жашылча жүктөлгөн унаалар Кыргызстандан Орусияны көздөй бара жатканы аныкталды. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Айдоочуга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Айдоочуга карата милиция кызматкерлери тарабынан Казакстан Республикасынын Административдик Укук Кодексинин 610-беренеси боюнча «Унаанын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу, адамдардын ден-соолугуна, транспорт каражаттарына же башка мүлккө зыян келтирүү» боюнча административдик протокол түзүлгөн. Бул факт боюнча топтолгон материалдар тиешелүү чечим чыгаруу үчүн сотко жөнөтүлөт.

Exit mobile version