Site icon Reporter.kg

Си Цзиньпин Кытай жакырчылыкты жеңгенин жар салды

Си Цзиньпин Кытай жакырчылыкты толугу менен жеңгенин бейшемби күнү жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

“Жакырчылыкты жоюу боюнча оор тапшырма аткарылды, жакырчылык маселеси толугу менен чечилди, регионалдык масштабдагы жакырчылык артта калды”, — деген жыйынтык чыгаруучу улуттук маалымат жыйында сүйлөп жатып.

Си Цзиньпиндин айтымында, партия жана элдин биргелешкен аракетинин негизинде 98,9 миллион айыл жашоочулары менен 128 миң кыштакты жакырчылык абалдан  алып чыгышкан.

“Абсолюттук жакырчылык жок болду, дагы бир тарыхый керемет нерсе ишке ашты!”, — деген кытайлык жетекчи. Бул көрсөткүчкө Кытайдын Компартиясынын негизделгенинен баштап 100 жылдыгынын астында жеткенин кошумалаган.

Exit mobile version