Кыргызстандын Инвестициялар агенттиги сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd компаниясы менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, бул документтин негизги максаты — алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен кремнийди кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу.
Сингапурдук Genuine Materials Pte Ltd. жарым өткөргүч материалдарды, таза кремний пластинкаларын жана башка акыркы буюмдарды чыгарууга адистешкен. Компания бул тармакта чоң тажрыйбага ээ жана кремнийди кайра иштетүү долбоорун ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн өз кызматтарын сунуштоого даяр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз