Сингапурдун изилдөөчүлөрү Кыргызстанда коронавирустун жыйылышы качан токтой турганын айтты

Сингапурдун изилдөөчүлөрү Кыргызстанда коронавирустун жыйылышы качан токтой турганын айтты

Сингапурдун жогорку окуу жайларынын биринин изилдөөчүлөрү коронавирустун жайылышы кайсы өлкөдө качан токтой турганын айтышты. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сингапурдук изилдөөчүлөр Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу жогорку чектен 11-апрелде эле өткөнүн билдиришти.

«Кыргызстанда коронавирустун жыйылышы 97 пайызга азайышы ушул жылдын 15-майына туура келсе, 99 пайыз вирустан тазалануу учуру 25-май болот, ал эми толук илдеттен арылуу 18-июнга туура келет», — деп айтышкан изилдөөчүлөр.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 708.

Бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйынында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды.

Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>