Site icon Reporter.kg

Синтетикалык баңгизатты чет өлкөгө ташууга шектелип эки жаран кармалды

УКМК Бишкек шаарынын аймагында «Соль» тобундагы синтетикалык баңги заттарды жеткирүүнүн эл аралык каналына бөгөт коюлганын маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында К.Д.Г. жана Б.Б.Р. аттуу кыргызстандык жарандар кармалган. Алар жакынкы чет өлкөлөргө жөнөтүлө турган баңгизаттарды сактоо, бөлүү жана даярдоо үчүн атайын «кампа» уюштурушканы аныкталган.

«Тактап айтканда, 2 килограмм «соль» баңгизаты Орусиядан жеткирүү кызматтары, анын ичинде «Карго» жана «Яндекс.Такси» аркылуу тиричилик техникасынын ичине жашырылып алып келинген. Партиянын бир бөлүгү Бишкек шаарында жана Кыргызстандын айрым аймактарында сатууга, калган бөлүгү Өзбекстанга экспорттоого арналган»,- деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө уланып жатат.

Exit mobile version