Site icon Reporter.kg

Сирияда согушкан катышкан аял Түркияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилди

Ош облусунун Кара-Суу районунун 58 жаштагы тургуну Б.З.Т. Сириядагы согушка катышкандыгы үчүн Түркияда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, аял 2015-жылы Сирияга кетип, ал жакта куралдуу жаңжалга катышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандарына башка өлкөдө куралдуу кагылышууларга катышууга (Кылмыш жаза кодекси, 256 жана 456 берене) тыюу салынат. Ал үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version