Site icon Reporter.kg

Сириядагы кыргызстандык аял менен балдарды кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга Сириядагы лагерлерде болгон кыргызстандык аял жана балдарды мекенине кайтаруу тапшырмасын берүүнү суранды.

Анын айтымында, Сириядагы лагерде 400-500 кыргызстандык бала жана аял бар.

«Алар ал жакка алданып, окууга деп барып калган. Эми лагерлерде жашап жатышат. Алар Сириядагы жаңы Родж, эски Родж жана Аль-Хол деген лагерлерде жашашат. Ал жерде шарттар аябай катаал», — деди ал.

Ал билдиргендей, лагердеги кыргызстандык жарандардын ата-энелери алар мекенине алып келингенден кийин, реабилитациядан өткөрүүнү өз мойнуна алууга даяр экенин айтышууда.

«Бул маселени калтырууга болбойт. Жардам берүү керек. Алар биздин жарандар, биз аларды ал жакта калтырбашыбыз зарыл», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version