Эл аралык террордук уюмдун катарында Сириядагы согушка катышкан Ош облусунун тургуну ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Шектүү катары кармалган 29 жаштагы Т.С. 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга барып, эл аралык террордук уюмдун катарында куралдуу жаңжалга катышкан. Кийин ал Сириядан Түркияга кеткен кезде, кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстанда ал Кылмыш-жаза кодексинин 226, 375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.
«Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5,45 калибрдеги ок, аскер кийими, күрөк, 2 бычак, 1 уюлдук телефон, флешка, 2 диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз