Site icon Reporter.kg

Сириядан кыргызстандык аял менен балдар кайтарылды

Бүгүн, 16-февралда Сириядагы чыр-чатак аймактан Кыргызстандын жарандары – аял жана балдар мекенине учак менен алынып келди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мекенине 41 бала жана 18 аял «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында алынып келген.

Алынып келген балдар тиешелүү жардам алышы үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version