Сириялык күрддөр АКШ аскерлерине «чабуул» жасады (видео)

Сириялык күрддөр АКШ аскерлерине «чабуул» жасады (видео)

Сириянын түндүгүндөгү Эль-Камышлы шаарын аралап бараткан америкалык аскерлердин унааларын жергиликтүү тургундар помидор жана таш менен ургулашты. Бул тууралуу күрддөрдүн Hawar жаңалыктар агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, жергиликтүүлөр ушундай жол менен АКШ президенети Дональд Трамптын Сириядан аскерлерин чыгарып кетүүсүнө нааразычылыгын билдиришикен.

Белгилей кетсек, 8-октябрда Түркиянын армиясы Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы аба соккуларын баштаган.

“Тынчтык булагы” деп аталган аскердик чабуул жасалганга чейин бул аймактан АКШнын аскерлери чыгарылган. Мурда күрд кошуундарына колдоо көрсөтүп келген АКШ бул жаңжалга аралашпай турганын жана Анкараны колдой тургандыгын билдирип, бирок чектен чыкпоону эскерткен.

17-октябрда АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Түрк президенти Реджеп Тайып Эрдогандын 5 саатык сүйлөшүүсүнөн кийин Түркия Сириядагы күрддөргө каршы жасаган аскердик чабуулун убактылуу токтотуп, күрд күчтөрүн өз эрки менен Сириянын түндүгүндөгү аймактан чыгып кетишин талап кылган.  

Түрк бийлиги 2012-жылдан бери Сириянын түндүгүндөгү отурукташып алган күрддөрдү сүрүп чыгаруу аракетин көрүп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>