Site icon Reporter.kg

СИЗОдогу А.Бейшеналиевдин абалы кандай? Жактоочунун жообу

СИЗОдогу саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлгөн. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, учурда анын абалы жакшы деп бааланууда, анын дем алуусунун тездегени байкалган.

“Алымкадыр Бейшеналиевди жогорку кан басым менен жабыркайт. СИЗОдо ысык болгондуктан кан басымы көтөрүлгөн. Бүгүн ал текшерилүүдөн өтөт. Ал ага коюлган айыптар боюнча макул эмес жана биз анын күнөөсүздүгүн далилдейбиз. Бишкек шаардык соту бул ишти 16-июнда карайт”, — деп билдирди ал.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ошондой эле, министрликтин үч жооптуу кызматкери дагы коррупцияга шектелип кармалган.

4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен 2-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

 

Exit mobile version