Скайп менен сурак берүүгө болбойт. УКМК «Азаттыкттын» эки журналисттин суракка келишин талап кылды

Скайп менен сурак берүүгө болбойт. УКМК «Азаттыкттын» эки журналисттин суракка келишин талап кылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисттери Мухаммедали (Али) Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун УКМКга келип сурак беришин талап кылууда. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

 «2-декабрда “Азаттык Медиасынан” келген катта аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө  байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген. Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз», — дешти атайын кызматтан.

Ишкер Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча УКМК мекемелер аралык тергөө тобун түзүп, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Суракка журналисттерден сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандандык активисттер, Президентитин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>