Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эрик Арсалиев каза болду

Жогорку Кеңештин «Ак-Жол» партиясынан экс-депутаты Эрик Арсалиев 55 жашында каза болду.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айтымында, ал узак оорудан кийин Түркияда көз жумган.

Арсалиев Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон. 1999-2001-жылдары авиация иши менен алектенип, «Аэролипкс» ААКты башкарган, ошондой эле эл аралык «Манас» аэропортунун президенти болгон. Депутат болгонго чейин «Кыргызалтындын» вице-президенти болгон.

Reporter.kg’нин жалпы жамааты Эрик Арсалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Exit mobile version