Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Алишер Мамасалиев каза болду

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg жеке булактар билдирди.

Мамасалиев онкологиялык оору менен жабыркап келген.

Маркум 1973-жылы жарык дүйнөгө келген, ал парламенттин IV-чакырылышынын депутаты болгон.

«Репортёрдун» эмгек жамааты Алишер Мамасалиевдин тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Exit mobile version