Снайпердик мылтыкты мыйзамсыз сактап жүргөн 43 жаштагы жаран кармалды

Снайпердик мылтыкты мыйзамсыз сактап жүргөн 43 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда снайпердик мылтыкты мыйзамсыз сактап жүргөн 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалматка ылайык, милиция кызматкерлерине Жети-Огүз районунун аймагында «Маку» аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз снайпердик мылтыкты сактап жүрөт деген билдирүү түшкөн.

“Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал, Саруу айылынын 43 жаштагы тургуну А.М. болуп чыгып, анын үйүндө санкцияланган тинтүү жүргүзгөндө, үйүнүн чатырына катып койгон «Тигр» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал оптикасы менен алынды”, — деп айтылат маалматта.

Аталган факты боюнча 253-берене (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ок атуучу куралдын кайсыл жерден чыкканын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>