Site icon Reporter.kg

Соңку суткада Кыргызстанда илдет 167 адамдан аныкталды, 142си сакайды

Соңку суткада Кыргызстанда илдет 167 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдалды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 9, Ош – 5. Чүй облусу – 15, Ош облусу – 38, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 31, Баткен облусу – 55.

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жалпы 46 миң 522 адам вирус жуктурду, анын 42 миң 761и сакайды.

Ал эми коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 миң 64.

Exit mobile version