Соңку он айда өрт кырсыгынан 16 адам көз жумду — видео

Соңку он айда өрт кырсыгынан 16 адам көз жумду — видео

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соңку он айда өлкө аймагында 2 045 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен, 16 адам каза таап, 23 адам жаракат алганын билдирди.

Жыл башынан бери тилсиз жоодон 102 адам куткарылып, 4 миллиард 586 миллион 564 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.  

Бул былтыркыга салыштырмалуу 38,9 пайызга азайган. 2019-жылы 10 айда 3 349 өрт катталган.

ӨКМ кыш мезгилиндеги өрттүн чыгуусун алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:
— бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;
— от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;
— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
— колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
— күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
— балдарды кароосуз калтырбагыла;
— күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

Тэги: 10 ай ӨКМ өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>