Соңку суткада 124 адамдан коронавирус табылды

Соңку суткада 124 адамдан коронавирус табылды

Соңку суткада 124 адамдан коронавирус табылды. Бул туууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Нарын облусунда илдетти жуктургандар аныкталган эмес.

“Бишкек шаарында 59 кишиден, Чүй облусунда 51, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 11, 1, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылды”, – деп айтылат штабдын маалыматында. 

Мындан сырткары бир күндө 227 киши коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыккан. 

Муну менен Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын жалпы саны 81 512ге жетсе, анын 76 955и сакайган.

Пандемия башталгандан бери 1360 кыргызстандык коронавирустан каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>