Site icon Reporter.kg

Соңку суткада 15 медкызматкерге коронавирус жукканы аныкталды

15-апрелде коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 19 адамдын 15и медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 3, Ош облусунда 3, Ош шаарында 10 учур катталган.

18-марттан бери жалпы  98 медицина кызматкерине коронавирус илдети жукту.

Ал эми  соңку маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча жалпы 449 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 5 адам каза болгон.

Exit mobile version