Соңку суткада 23 бейтап коронавирустан айыгып чыкты

Соңку суткада 23 бейтап коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-май күнкү брифинг учурунда билдирди.

 “Айыккандардын ичинен 20 бейтап Бишкектен, 3 бейтап Жалал-Абаддан”, – деди Үсөнбаев.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 827 болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>