Соңку суткада 4 киши илдеттен каза болду

Соңку суткада 4 киши илдеттен каза болду

Акыркы суткада илдет 420 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 179, Ош – 8, Чүй облусу – 112, Ош облусу – 26, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 35, Жалал-Абад облусу – 15, Баткен облусу – 28.  

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагы боюнча 73 миң 933 адамга коронавирус жуккан, анын 65 миң 589у сакайды.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары: Бишкек  – 3, Ош облусу  – 1. Республика боюнча коронавирус жалпы 1 миң 281 кишинин өмүрүн алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>