Соңку суткада COVID-19 дагы беш кишинин өмүрүн алды

Соңку суткада COVID-19 дагы беш кишинин өмүрүн алды

Соңку суткада коронавирус дагы беш кишинин өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1 118ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында экөө Баткен облусунда дарыланып жатышкан.

Ал эми бир суткада 549 кишинин коронавирус жуктуруп алса, 305 бейтап илдетти жеңип чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 53 миң 459 болду. Ал эми 46 миң 444 адам айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>