Соңку суткада илдеттен 3 адам каза болду

Соңку суткада илдеттен 3 адам каза болду

Акыркы суткада 134 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты. 

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 46, Ош – 3, Чүй облусу – 45, Ош облусу – 12, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 3.

Өлкө аймагында жалпы коронавирусту жуктургандардын саны 82 миң 857ге жетти, анын 78 миң 715и сакайды.

Ал эми соңку суткада илдеттен 3 адам каза болду, бүгүнкү күндү кошо алганда республика боюнча коронавирус жалпы 1 миң 381 кишинин өмүрүн алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>