Site icon Reporter.kg

Соңку суткада коронавирустан үч, пневмониядан 32  бейтап каза

Кыргызстанда соңку 24 саат аралыгында коронавирустан үч, пневмониядан 32  бейтап каза болду. Бул тууралуу 11-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан каза болгон бейтаптар төмөнкү аймактарда катталган:
 Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 2 (эркектер, 65 жашта, 51 жашта);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 44 жашта). 

11-июлга карата коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 125 адамга жетти. Ал эми март айынан бери пневмониядан жалпы 382 адам каза болду.

Exit mobile version