Соңку суткада коронавирустан 2 киши каза болду

Соңку суткада коронавирустан 2 киши каза болду

Соңку суткада коронавирустан 2 кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Талас облусунда 1 киши илдеттен каза тапты.
Мындан тышкары 147 адамдан илдет табылган.

Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек – 70
Ош — 3
Чүй облусу – 38
Ош облусу — 5
Талас облусу — 0
Нарын облусу — 4
Ысык-Көл облусу – 21
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу — 5

Ошондой эле 204 адам илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыкты.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82138ге жетсе, анын ичинен 77751и сакайган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттен 1367 адам каза тапты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>