Соңку суткада коронавирустан 4 бейтап каза болду

Соңку суткада коронавирустан 4 бейтап каза болду

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инфекциядан Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 бир адам көз жумду.

Ал эми сутка ичинде 3091 адамдан ПЧР анализ алынып, натыйжада коронавирус дагы 63 адамдан табылган. Жаңы учурлар Ош жана Талас облустарында катталган эмес.

Ошол эле учурда оорудан 48 бейтап сакайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>