Соңку суткада төрт медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Соңку суткада төрт медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда бир сутка ичинде төрт медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Республика боюнча жалпы 255 медицина кызматкеринин анализинен COVID-19 вирусу табылган. Алардын 212си айыгып чыккан. Бир дарыгер илдеттен каза болгон.

18-майга карата Кыргызстандын аймагында дагы 78 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1216га жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>