Соңку суткада укук коргоо органдарынын 7 кызматкерине коронавирус жуккан

Соңку суткада укук коргоо органдарынын 7 кызматкерине коронавирус жуккан

Кыргызстанда укук коргоо органдарында иштеген 27 кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 4-майда  билдирди.

Анын айтымында алардын жарымы Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарылануудан өтүп, сакайган соң ооруканадан чыгарылган.

“Калган 10 адам аталган ооруканада дарыланууда. Ошондой эле кечээ кечинде укук коргоо органдарынын дагы 7 кызматкер Жугуштуу илдеттер ооруканасына келип түштү», — дейт Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Анын ичинен 575 жаран ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган. 10 адам илдеттен каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>