Соңку суткада жугуштуу илдеттер ооруканасына 35 бейтап жаткырылды

Соңку суткада жугуштуу илдеттер ооруканасына 35 бейтап жаткырылды

5-март күнү республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына 151 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 86сы жаш балдар болгон.  Ал эми ооруканага 35 адам жаткырылган, алардын 28и жаш балдар.

Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 21 адам кайрылса, 9 бейтап ооруканага жаткырылып, 12 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 25 адам кайрылган, алардын ичинен 10 бейтап  ооруканага жаткырылып, 15 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>