Site icon Reporter.kg

Соцфонд 25 млн сомго имарат сатып алат

Социалдык фонддун Мамлекеттик пенсиялык топтомо фонду имарат сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, имаратты (кеңсени) 25 млн сомго (285 миң долларга) сатып алуу пландалууда. Анын аянты 200 чарчы метр болушу керек.

Сынак боюнча арыздар 14-июнга чейин кабыл алынат.

Exit mobile version