Site icon Reporter.kg

Соцфонд жумушсуз калгандарга үч ай акча төлөп берет. Шарты

Быйыл июнь айынан тарта Социалдык фонд жумушсуз калган жарандарга топтомо фондундагы акчасынын эсебинен 400 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жана «Мекенчил» тобунун кошмо жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев жарандар пенсиялык топтомо фондундагы акчасын кайсы учурда ала аларын сурады.

Алиевдин айтымында, быйыл июнь айынан тарта жарандарга топтомо фонундагы акчасын берүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, жумушсуз калган адамдарга топтомо фондундагы каражатынан үч ай 7 миң сомдон төлөнүп бериле баштады.

Аталган каражатты топтомо фондунда жетиштүү акчасы бар жарандар ала алат.

«Топтомо фондундагы акчаны ипотекалык насыяга баштапкы төгүмдү төлөө үчүн алууга болот. Мисалы, мурда (бир үй-бүлөдө – ред.) күйөөсү ипотека алып жатса, анын эле топтомо фонду эсептелчү. Учурда күйөөсү менен аялынын топтомо фондун эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары жаран жумушсуз калса, үч ай 7 миң сомдон төлөп беребиз. Ошондой эле, топтомо фондундагы акчаны пенсияга чыкканда, башка өлкөгө жашаганы кетип жатканда, онкологиялык оору менен ооруган, жүрөгүнө операция жасаткан учурда алууга болот», — деди ал.

Анын айтымында, быйыл июнь айынан тарта ипотекалык насыя алып жаткандарга 250 млн сом, ал эми жумушсуз калгандарга 400 миң сом төлөп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version