Соцфонд пенсия өз убагында төлөнөрүн убада кылды

Соцфонд пенсия өз убагында төлөнөрүн убада кылды

2020-жылдын декабрь айында пенсиялык төлөмдөр 1.4 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда пенсиялык төлөмдөрдүн 95% каржыланган жана жакынкы күндөрү бекитилген графикке ылайык, бардык пенсиялык толук көлөмдө төлөнүп берилет.

Андан сырткары, Социалдык фонддон белгилешкендей, 2021-жылдын январь айында пенсиялар убагында төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөөдө кечигүү жана үзгүлтүккө учуроо болбойт.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ММК тармагында кийинки жылдын январь айынан тарта пенсияны каржылоого каражат жок деген маалымат тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>