Пенсиялык топтомдун бюджети жый сайын өсүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы фондго чегерүүлөр 35 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы 42 миллиард сомго жетти.
«2024-жылы бул көрсөткүчтү 50 миллиардка, жакынкы беш жылда 100 миллиард сомго жеткирүүнү пландайбыз», — деди ал.
Өлкөдөгү пенсионерлердин саны 790 миңге жетет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз