Site icon Reporter.kg

Соцфонд: Түркияда иштеген кыргызстандыктар пенсияга чыга алат

Түркияда расмий түрдө иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Соцфонд 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө киргенин, бүгүнкү күнү ал келишимдин алкагында Кыргызстандын бир жараны (аял киши) Түркиядан пенсияга чыкканын белгиледи. Анын пенсиясы 490 лираны түзөт.

Exit mobile version