Соцфонд: Жыл башынан бери пенсия жана жөлөк пулга 43 млрд сом бөлүнгөн

Соцфонд: Жыл башынан бери пенсия жана жөлөк пулга 43 млрд сом бөлүнгөн

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-ноябрь айыларында пенсия жана жөлөкпулга 43 млрд 661,1 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын ичинен;

— Бишкек шаары — 7 млрд 130 млн сом;

— Чуй облусу — 6 млрд 735,4 млн сом;

— Нарын облусу — 3 млрд 502,8 млн сом;

— Ысык-Көл облусу — 3 млрд 967,0 млн сом;

— Талас облусу — 1 млрд 804,1 млн сом;

— Ош шаары — 1 млрд 570,8 млн сом;

— Ош облусу — 8 млрд 024,9 млн сом;

— Баткен облусу — 3 млрд 492,5 млн сом;

— Жалал-Абад облусу — 7 млрд 433,6 млн сом.

Маалыматка ылайык, пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2020-жылдын ноябрь айында 4 млрд 172,5 млн сомду түздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>