Site icon Reporter.kg

Соцфонддо топтолгон каражатты ипотекалык насыяга пайдаланса болот

Кыргызстандын жарандары Социалдык фонддо топтогон акча каражаттарын ипотекалык насыяларды төлөө үчүн пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти.

Алсак, ипотекалык кредит алган же ала турган Кыргызстандын жарандары, ошондой эле эгерде арыз берген учурда ар бир жеке адамдын пенсиялык топтоосунун суммасы беш жүз эсептик көрсөткүчтөн (50 миң сомдон) кем эмес болсо, анын жубайы же жолдошу жок болсо ипотеканы алууда алар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык ыйгарым укуктуу органына төмөнкүлөрдү тапшырууга тийиш:

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органы тарабынан арызды кароонун жыйынтыгы боюнча жарандарга пенсиянын топтолгон бөлүгүндө акча каражатынын бар экендиги жөнүндө көчүрмө берилет», — деп билдирди Ипотекалык компания.

Андан ары ипотекалык кредит алган же ала турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле пенсиялык топтоолордун суммасын жарым-жартылай/толук төлөөгө пайдаланууну каалаган жубайы (жубайлар) банкка  арыз менен кайрылышат. Банк өз кезегинде ипотекалык кредитти берүүгө макулдук берген катты же ипотекалык кредиттин бар экендигин тастыктоочу катты ипотекалык кредитти алган жактын эсебине же ипотекалык кредитти толук/жарым-жартылай төлөөгө жөнөтөт.

Банктан келип түшкөн каттын негизинде «МИК» ААК ипотекалык кредиттин баштапкы суммасын каржылоо же ипотекалык кредитти толук/жарым-жартылай жабуу үчүн пенсиялык топтоо үчүн өздүк каражаттарды алуу эрежелеринин талаптарын сактоону ырастоосун жөнөтөт.

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун мекемеси камсыздандырылган адамга ипотекалык ссуданы берүүгө макулдуктун ырастамасын алгандан кийин пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтолгон бөлүгүн) которот. Банктын тастыктоосунда көрсөтүлгөн банк эсебине», — деп белгиледи МИК.

«МИК» ААКсына берилүүчү документтер:

Exit mobile version