Соцфонддун төрагасы : 2020-жылы пенсияны жогорулатууга 829 млн сом каралды

Соцфонддун төрагасы : 2020-жылы пенсияны жогорулатууга 829 млн сом каралды

Жыл башында бекитилген планга ылайык, калган эки айда 806 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда маалым болду.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, 2020-жылга фонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо  мерчемделди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>