Site icon Reporter.kg

Социал-демократтар партиясынын дагы мүчөсү кармалганы айтылды

Социал-демократтар партиясынын дагы мүчөсү Анарбек Катаганов милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу партия лидери Кадырбек Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, учурда жактоочулары, туугандары Катагановдун каякта экени тууралуу кабары жок.

Атамбаев партия мүчөсүнүн кармалышын коркутуу аракети, саясий куугунтук катары баалай тургандарын билдирди.

12-январда Кадырбек Атамбаев Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева милиция тарабынан кармалганын кабарлаган. Бүгүн, 13-январда ал жергиликтүү басылмаларга Самышева суракта таңкы саат бешке чейин болгонун билдирген. Ал эми жактоочу Аскар Алымкулов Самышева былтыр ноябрда кармалган Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүнүн иши боюнча күбө катары суралганын айткан. Жанна Самышева бүгүн түштөн кийинки убакытка суракка чакырылган.

Эскерте кетсек, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер ноябрдын ортосунда, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.

Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.

Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.

Атамбаев Социал-демократтар партиясынын мүчөсү кармалганын билдирди

Exit mobile version