Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан «Социал-демократтар» саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Милиция билдиргендей, буга чейин соцтармактарга аталган партиянын мүчөрлөрүнүн добуш сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөрү чыккан. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында партия лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер, Кадыр Атамбаев, А.Р., А.Н., С.Б., Ч.Д., Н.Н., А.Б. суракка алынган.
Укук коргоо органдары Темирлан Султанбеков шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалганы тууралуу маалымат таратты. Буга чейин Карамушкина менен Түрксевер 48 саатка камакка алынганы кабарланган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Милиция тергөөнүн жыйынтыгы менен бул ишке катышы бар адамдардын баарынын иш-аракетине юридикалык баа берилерин билдирди.
Эскерте кетсек, 13-ноябрда милиция жана атайын багыттагы кызматкерлер «Социал-демократтар» партиясынын штабына келип, тинтүү жүргүзгөн. Партиянын лидерлери Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырбаганын, күбөлүгүн көрсөтпөй, медициналык беткап тагып алып жүргөнүн, милиция саясий буйрутма аткарып жатканын билдирген.
Султанбеков добуш алуу фактысын четке кагып, соцтармактарга чыккан сүйлөшүүдө келишим боюнча Назар Ниязов аттуу адамга төлөнгөн маяна тууралуу кеп болгонун, ал «Талапкер» сайтында көрсөтүлгөнүн айткан.
Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясы шаардык милициянын кайрылуусунун негизинде «Социал-демократтарды» шайлоодон чечттетүү чечимин кабыл алган.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.