Site icon Reporter.kg

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп 2018-жылдын октябрь айында дайындалган.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтин «Биримдик» партиясынын алдыңкы тизмесинен талапкер катары шайлоого катышкан.

Exit mobile version