Социалдык фонддун Талас райондук бөлүмүнүн башчысы пара берүү фактысы боюнча кармалды

Социалдык фонддун Талас райондук бөлүмүнүн башчысы пара берүү фактысы боюнча кармалды

Социалдык фонддун Талас райондук бөлүмүнүн башчысы Ызабек Исламбек пара берүү менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн, Талас ОИИБдин кызматкерлери иш сапар чыгымдарына бөлгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүргөндөн кийин УКМКнын кызматкерлерине 70 миң сом өлчөмүндө каражат сунуш кылган.

Кармалган адам Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>