Site icon Reporter.kg

Соцтармактарда Садыр Жапаровдун туфлиси талкууга түштү — видео

Кыргызстанда социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун туфлиси талкууга түштү.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЕАЭБ саммити өтүүдө. Саммитке келген өлкө лидерлерин конгресс-холлдо Садыр Жапаров тосуп алууда.

Тосуп алуу учурунда тартылган видеодо Садыр Жапаров таманы кызыл туфли кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Көптөрдүн көңүлүн президенттин таманы кызыл туфлиси бурган.

Алардын пикири боюнча, президент кийген бут кийим франциялык Christian Louboutin’дин туфлиси болушу мүмкүн. Аталган туфли Москвадагы ЦУМда 72,1 миң рубль турат.

Садыр Жапаровдун бут кийими россиялык «РИА Новости» маалымат агенттигинин да көңүлүн бурган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version