Site icon Reporter.kg

Согуштан улам Украина канча чыгым тартты?

Украина менен Орусиянын ортосундагы  жаңжал Украинанын экономикасына ири өлчөмдөгү зыян келтирди. Учурда болуп жаткан Орусиянын атайын аскердик иш аракеттеринин негизинде келтирилген чыгым 564 — 600 млрд долларды түздү. Бул сан эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдын өсүшү менен көбөйө бермекчи, деп айтылат Киев экономикалык мектебинин отчетунда.

Маалыматка караганда, салыштырмалуу экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Батыш Европа өлкөлөрүн калыбына келтирүү боюнча Маршалл планын ишке ашыруу үчүн 13 млрд доллар керектелген,  бул каражат бүгүнкү күндүн эсеби боюнча 155 млрд долларды түзөт.

Эми калыбына келтирүү Фонду активдүү колдонулган Брюсселге үмүт кылып жатабыз. Бирок, Европалык бирикме мындай эң чоң каражатты өз алдынча төлөй албайт”, — деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version