Сойкуларды сабаган ЖК депутаттары! Интим кызматын көрсөткөн кыздын баяны

Сойкуларды сабаган ЖК депутаттары! Интим кызматын көрсөткөн кыздын баяны

Интернет айдыңына интим кызматын көрсөтүп иштеген Жанайым Касымова аттуу кыздын билдирүүсү тарап талкуу жаратууда. Ал Фейсбук баракчасына жайгаштырган билдирүүсүндө алардын “таасирлүү” кардарлары айрым учурда жарым өлүк болгончо сабап, акчасын төлөбөй коюшарын жазган. Мына ушул кардарларынын арасында Жогорку Кеңештин депуттары да бар экенин билдирген.   

“Мен интим кызматын көрсөтүп иштейм. Азыр жөн эле көчөгө чыгып басуудан дагы коркуп калдым. Көпчүлүк биле бербейт, бирок биздин Кыргызстандагы “түнкү көпөлөктөрдүн” дагы кардарларынын кара тизмеси бар. Биз ал  сайтка бизди сабаган адамдарды, кордогон окуяларды жазып, ал адамдардан сактануунун, тейлөөбөнү сунуштап турабыз. Бул “кара тизмеде” азыр парламенттик шайлоодо талапкер болуп жаткандар да бар. Мына ушул талапкерлердин бири мени сабап, муунтуп өлтүрүп коё жаздаган.  Мен аны дароо кара тизмеге киргиздим, башка кыздарда анын кордугуна кабылбасын ”, — деп жазган билдирүүсүндө.  

Жанайым Касымова ошондой эле бир нече бети жабылган эркектердин сүрөттөрүн жарыялаган.

“Бул тармакта иштеген менин бир таанышымды да бирөө сабап туруп, зордуктап кеткен. Бул үчүн ал эч кандай жаза көргөн жок, ал кыйын депутат, азыр да талапкер болуп шайлоого катышып жатат. Эгер бул тууралуу айта турган болсоң,  токойго алып барып көмүп кетебиз деп коркуткан. Биздин кара тизме жайгашкан сайт жакында эле ачылган. Бул жака форумдун жетекчисинен онлайн-маектешүүдөн өткөн кыздар гана жаза алат”, — деп жыйынтыктаган Касымова.

Бул маалымат азырынча тастыктала элек, муну жазган кыздын баракчасы да бир жыл мурун гана ачылган. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>