Site icon Reporter.kg

Сойкулук менен алектенүү үчүн кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн кыз кармалды

Сойкулук менен алектенүү үчүн кыргыз чек арасын бузуп өткөн кыз кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык,  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарында мыйзамсыз жүрүшкөн Өзбекстандын эки жараны кармалган. Алардын өздүгүн тактаган учурда жигитт 26 жашта кыздын 21 жашта экени, экөө тең  Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары экендиги аныкталган.  

21 жаштагы кыз октябрь айында жашоо шартынын оордугуна байланыштуу Кыргызстанга сойкулук менен алектенүү үчүн чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн айткан. Ал кармаган жигит менен чогу бир батирде жашап келишкендигин билдирген.

Аларга мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүү фактысы боюнча иш козголуп, УКМКга өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 47807,47808″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version