Сокулукта адам уурдоого шектелип, төрт адам кармалды. Бири кылмыштуу топтун мүчөсү

Сокулукта адам уурдоого шектелип, төрт адам кармалды. Бири кылмыштуу топтун мүчөсү

Сокулук районунда адам уурдоого шектелип, төрт адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын башында бир нече адам борбор калаадагы базарлардын биринен эркек кишини уурдап кетип, аны өлтүрүүгө аракет кылышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Адам уурдоо» беренеси боюнча катталган.

 «Шектүүлөр Сокулук районунун Кун-Туу айылынын жанында мыйзамсыз аракеттерди жасоо учурунда кармалган. Кармалгандардын төртөө — буга чейин бир нече жолу соттолгон Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын бири Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Жабырлануучу токмоктолгон », — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш пикир келишпестиктен улам жасалган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>